Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан жабыркагандар реабилитациясын улантышат

Жылуулук электр борборундагы авариядан жабыркагандар Курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо институтунда реабилитациясын улантышат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Бүгүн, 10-майда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Тез жардам ооруканасына барып, комбустиологдор, пластикалык хирургдар жана травматологдор менен биргеликте ЖЭБде жабыркаган эки жабырлануучуга консилиум өткөрдү. Консилиумдун жыйынтыгында бейтаптарды Кыргыз курортология жана калыбына келтирүүчү дарылоо илим-изилдөө институтуна которуу чечими кабыл алынды.

Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетинен жабыркаган эки кыргызстандыктын Түркиядагы узак мөөнөттүү дарылоосу аяктап, кечээ, 9-майда Кыргыз жарандары Бишкек шаарына келишкен.