Бишкек «кызыл зона» деп жарыяланды

Бишкек шаары «кызыл зонага» кирди. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан маалымдашты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, соңку 12 күн ичинде ооруну жуктуруп алгандардын саны өсүүдө жана бул илдеттин төртүнчү толкуну башталганын билдирет. Акыркы үч күндө ооруга чалдыккандардын санынын жогорулашы 30 пайызды түздү. Ошол эле учурда алардын жарымынан көбү жеңил жана симптому жок түрдө өтүп жатат.

Бүгүн, 12-январда Кыргызстанда коронавирустун омикрон штаммы катталганы да маалымдалды.