Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүп жатат

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, жакынкы үч саат аралыгында, ошондой эле кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, бак-дарактардан, электр чубалгыларынан алыс болуңуздар. Табият кубулушунун кырдаалына күбө болсоңуз «112» кызматына билдириңиз.