Жакынкы үч саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«Шамал учурунда коопсуз жайларда болуңуздар. Кандайдыр бир кырдаалдын күбөсү болсоңуз
токтоосуз «112» кызматына билдириңиз»,- деп айтылат маалыматта.