Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров бүгүн, 10-сентябрда №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берди. Ал Бишкектеги №74 мектепте ачылган №1045 шайлоо участкасына барып, жарандык милдетин аткарды. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Эмилбек Абдыкадыров белгилегендей, шайлоо өнөктүгү ачык-айкын, мыйзамдын талаптарына ылайык өтүшү керек.