Бишкек мэри Өзбекстандан келген автобустар тууралуу: «Алар ыңгайсыз»

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров 2021-жылы Өзбекстандан келген автобустардын кемчиликтери тууралуу айтып берди.

Ал маалымат жыйынында билдиргендей, бул автобустар менчик компанияныкы. «Маршруттар жетишсиз болгондо сатып алышкан. Быйыл 1500 автобус алабыз дедим. Алар келгенден кийин бул автобустарды жолдордон алып салабыз», — деди ал.

Абдыкадыров Өзбекстанда автобус чыгарган завод бар экенин айтты. «Бизге дагы сунуш кылышты, баш тарттык. Алар ыңгайсыз, кыймылдаткыч күчү начар. Ооба, маршрутка менен эч кандай айырмасы жок. Биз бардыгын өз ордуна коёбуз», — деп кошумчалады ал.