Бишкек мэриясы №203 каттамдын айдоочусу түртүп, маршруткага отургузбай койгон келинди издеп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Шаардык мэрия айдоочунун кылыгына нааразы, ал жөн гана орой эмес, балалуу жүргүнчүгө жоопкерчиликсиз мамиле кылды», — деп белгилешти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 30-сентябрда соцтармактарга видео тараган. Анда Бишкектеги №203 маршруттук каттамдын айдоочусу унаага жаш келинди кызы менен салбай койгон. Кийинчерээк ал кечирим сураган. Ошол эле учурда анын иштен алынганы маалым болгон. Аны менен бирге Бишкек шаарынын вице-мэри дисциплинардык жаза алары айтылган.