Бишкекте коомдук транспортто жол кире көтөрүлүүдө. Бул чаралар автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар жарандардын категориясына таасирин тийгизбейт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
27-декабрда Бишкек шаардык кеңеши тарабынан 2012-жылдын 26-апрелиндеги №312 “Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө” Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун долбоору жактырылды. Бул чечим 2024-жылдын 15-январынан тартып күчүнө кирет.
Ошентип, жол кире төмөнкүдөй бекитилди:
- — троллейбуста — 17 сом;
- — автобуста – 17 сом;
- — маршруттук автобустарда — 20 сом;
- — валидаторлор орнотулган автобустарда жана троллейбустарда жол кире акысын накталай төлөгөндө — 20 сом.
Ошол эле учурда шаардын транспорттук инфраструктурасын жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун алкагында борбор калаада экологиялык таза отун менен жүрүүчү чоң сыйымдуулуктагы 1 миңден ашык заманбап автобустар сатып алынды. 2024-жылга карата автобустардын жалпы кубаттуулугун 1,5 миң бирдиктен кем эмес жеткирүү пландаштырылууда, бул шаардын керектөөсүн жаба алат.
Коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү үчүн зарыл шарттар түзүлөт. Ошондой эле, муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын айдоочуларынын эмгек акысы 22 миң сомдон 50 миң сомго чейин 2,5 эседен ашык көбөйтүлдү. Жол киренин накталай эмес төлөм системасына өтүү да оң натыйжаларды берип, акча агымынын жана жүргүнчүлөрдүн агымынын ачыктыгын камсыз кылууда. Жарандар борбор калаанын мэриясынын өнөктөш компаниялардын кызматтарынан пайдалана алышат, алар тарифтин жогорулатылган бөлүгүндөгү айырманы компенсациялоого даяр.
Тарифтердин көтөрүлүшү автобустарда жана троллейбустарда бекер жүрүүгө укугу бар Бишкек шаарынын төмөнкү категориядагы жарандарына таасирин тийгизбейт:
- — пенсионерлер;
- — ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, I, II, III топтогу майыптыгы бар адамдар;
- — бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар;
- — 7 жашка чейинки балдар;
- — өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда «Кыргызпочтасы» мамлекеттик почталык ишканасынын почтальондоруна таасирин тийгизбейт.