Бишкек мэриясы кызматкерлердин 50 пайызын аралыктан иштөөгө жөнөтүүнү сунуштады

Борбор калаадагы коронавирустук абалдын начарлашына байланыштуу муниципалитет уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга кызматкерлердин жалпы санынын 50 пайызын аралыктан иштөө режимине жөнөтүүнү сунуш кылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Биринчи кезекте, тобокелдик тобуна кирген кызматкерлердин: 60 жаштан жогору же өнөкөт оорулары бар (гипертония, диабет, өнөкөт респиратордук ооруларга чалдыккан), кош бойлуу кызматкерлерди аралыктан иштөө режимине өткөрүү маселесин карап чыгуу керектигин билдиришти.  

Бул чектөөлөр борбор үчүн маанилүү болгон уюмдарга тиешелүү эмес», — деп жазылат маалыматта.