«ЧВК Редан» кыймылы боюнча борбор калаанын мэриясы ата-энелерден балдардын мектептен тышкаркы коопсуздугун көзөмөлдөөнү өтүндү.
Укук коргоо органдары тарабынан төртүнчү чейректин башталышы менен мектеп окуучуларынын арасында жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча лекциялык иш-чаралар башталат. Ушул себептен, шаардык муниципалитет мектеп окуучуларынын ата-энелеринен, айрыкча мектептен тышкаркы мезгилде, балдарынын коопсуздугун дайыма көзөмөлдөп турууну суранат, ошондой эле зарыл болгон учурда тиешелүү мобилдик тиркемелерди орнотуу аркылуу ата-энелик көзөмөлдү уюштурууну сунуштайт.