8-март күнү Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Жаңы-Жол тилкесинде тоо бетинен таштар кулап, унаа жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Жеринде №41 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан ыкчам чаралар көрүлүп, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.