Кечээ, 29-январда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун боюнда айлана-чөйрөнү жакшыртуу максатында ийне жалбырактуу дарактарды отургузуу иштери башталды. Бул иш-чаранын алкагында 500 түп Тянь-Шань карагайы отургузулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
«ӨКМдин Токой кызматынын директору Мураталы Тагаевдин тыкыр көзөмөлүндө өткөрүлгөн бул иш-чара аймактагы экологиялык абалды жакшыртууга, жол боюн жашылдандырууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат маалыматта. Быйыл Кемин районунан Балыкчы шаарына чейинки унаа жолдун 50 чакырымдык бөлүгүндө бак отургузуу өнөктүгү пландаштырылууда.