Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунда дрон менен байкоо жүргүзүлөт

Бишкек-Ош жана Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыктарын алдын алуу жана карама-каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды дрон менен байкоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу ИИМдин Чүй облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Милиция айдоочуларга рулда бара жаткан учурда уюлдук телефонго алаксыбай, карама-каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого чакырды.