Бүгүн, 17-февралда саат 12:10 чамасында Бишкек-Ош жолунун Чычкан капчыгайынын эки участогуна кар көчкү түштү.
Учурда Бишкек-Ош жолу бардык автоунаалар үчүн Сосновка жана Арал өткөрмө постторунан убактылуу жабылды. Алдын ала маалымат боюнча, жол бетине түшкөн кар көчкүнүн узундугу болжол менен 100 метрди, ал эми бийиктиги 5 метрди түзөт. Жолду тазалоо иштерин №23 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда атайын техникалар тартылып, тазалоо иштери активдүү уланууда.