Бишкек-Ош унаа жолунда дрон менен жол эрежесин бузгандар аныкталууда

Жалал-Абад облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тарабынан атайын тесттик режиминде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо максатында дрон менен байкоо жүргүзүп, айдоочулар арасында профилактикалык түшүндүрүү иштер жүргүзүлүүдө.
Дрон аркылуу карама-каршы тилкеге чыккандар, алдыдагы авто унаадан ашып өтүү, озуп өтүү өңдүү жол эрежелери аныкталууда. Андыктан айдоочулар өзүңүздүн жана башкалардын коопсуздугу үчүн жол эрежелерин так сактаңыздар!