Бишкек шаардык кеңешин кайра шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды

11-июлда өткөн Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоонун жыйынтыгы жарактуу деп табылды. Мындай чечимди БШК бүгүн, 26-июлда кабыл алды.

«227 участкалык шайлоо комиссияларынын протоколдорунун негизинде Бишкек АШК түзгөн добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө протоколго ылайык (№1141 шайлоо участогундагы добуш берүүнүн жыйынтыгы мурда жараксыз деп таанылган) шайлоо бюллетендерин алган шайлоочулардын жалпы саны 104 141 шайлоочуну түздү (добуш берүү үчүн жайда – 101 875, жайдан тышкары жерде – 2 266). Жарактуу бюллетендердин саны – 103 431, жараксызы – 710 бюллетень», — деп айтылат расмий маалыматта.

Шайлоого жалпы 18 партия катышкан. Анын ичинен 6 партия 7 пайыздык босого чектен өттү.

Алар:

1. «Эмгек» —11 мандат;

2. «Ата Журт — Кыргызстан» — 9 мандат;

3. «Ишеним» — 8 мандат;

4. «Ынтымак» — 7 мандат;

5. «Өнүгүү-Прогресс» — 5 мандат;

6. «Социал-демократтар» — 5 мандат.