Бишкек шаардык кеңештин мурунку төрагасы Зоотбек Кыдыралиев көз жумду

Бишкек шаардык кеңешинин мурунку төрагасы Кыдыралиев Зоотбек Темирбекович узакка созулган оорудан кийин 71 жаш курагында көз жумду. Мэриянын маалыматы боюнча, ал 1949-жылы 24-августта жарык дүйнөгө келген.

Кыдыралиев 1999-2004-жылдары Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 1999-жылдан тарта 2005-жылдын мартына чейин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы болгон.

Маркумду акыркы сапарга узатуу митинг-реквиеми 24-июлда саат 15:30да башталат (дареги: Бишкек шаарынын Москва көчөсү №163-В).