Бишкек шаардык соту райондук соттун митингдерди чектөө чечимин жокко чыгарды

Бишкек шаардык соту райондук соттун борбор калаада митинг өткөрүүнү эки айга чектөө боюнча чечимин жокко чыгарды.  Бул тууралуу юрист Евгения Крапивина билдирди.

Анын айтымында, райондук соттун Биринчи Май райондук акимчилигинин митингдерди бир гана жерде өткөрүү демилгесин колдогон чечими жокко чыгарылды. Юрист акимчиликтин демилгеси башынан эле мыйзамсыз болгонун айтты.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы чынында чектөөгө укуктуу. Бирок чектөө бардык иш-чараларга эмес, согушка үгүттөгөн, кастыкты козуткан, улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген гана тигил же бул конкреттүү иш-чарага байланыштуу болушу зарыл”, — деди ал.

Биринчи Май райондук администрациясы 22-февралдан 22-апрелге чейин митинг жана башка тынч акцияларды Максим Горький атындагы бакчада гана өткөрүү тууралуу чечимин 22-февралда чыгарган. Райондук сот бул чечимди мыйзамдуу деп баалаган.

Бүгүн, 10-мартта, Жогорку Кеңеште жаңы Баш мыйзам боюнча референдумду дайындоо каралып жатканда, депутат Алмаз Токторов митинг өткөрүүнү чектөө туура эмес экенин айтып, баш прокурор Курманкул Зулушевге кайрылган. Эл өкүлү мындай чечим эл арасында бийликти узурпациялоого кадам катары бааланып жатканын айткан.