Бишкек шаардык сотунда Мелис Аспековду колдогон митинг өтүп жатат

Бишкек шаардык сотунун алдында Мелис Аспековдун тарапташтары чогулуп, митинг өткөрүп жатышат.

Алар ачкачылык жарыялаган Аспековду колдоо үчүн чыгышкан. Ошондой эле судья Жамиля Сабитованы алмаштыруудан баш тартканына нааразы болушууда. Мелис Аспековдун эжеси анын бир нече ай мурун оор операцияны башынан өткөргөнүн айтып, ага тамак ичпей койгонго болборун билдирди.