Бишкек шаардык сотунда Ырыс Жекшеналиевдин бөгөт чарасы каралып жатат

Бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаардык соту Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиевдин баш коргоо чарасын карайт. Буга чейин адвокаттар борбор калаанын Биринчи Май райондук сотунун чечимине каршы даттанышкан.

Ырыс Жекшеналиев эки жолу суракка алынганын билдирди. Бир жолу тергөөчү активисттин фамилиясын эмне үчүн өзгөрткөнүн сураса, экинчи жолу эмне үчүн энергетик кесибин тандап алганын сураганын айтты.

Жекшеналиев 14-августта УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча архивдик видео кайрылуусун Фейсбукка жарыяланганына байланыштуу суракка чакырылган. 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиевге карата Кылмыш-процессуалдык кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандык уюштурууга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон. Соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.