Бишкек шаарындагы бала бакчалардын иштеши дагы жылдырылды

Бишкек мэриясы бала бакчаларды буга чейин пландалгандай 20-январда эмес, 1-февралда ачмай болуп жатат. Бул тууралуу вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Учурда бала бакчалардын мурдагыдай иш алып барышына мектепке чейинки уюмдарда наристелердин санынын көптүгү жана аларды бөлүү мүмкүн болбой жатканы маселе жаратууда. Мындан улам, азырынча бала бакчаларды даярдоочу топтор үчүн гана ачуу каралып жатат.

“Кырдаалды байкайбыз. Коронавирус илдетине байланыштуу көрсөткүчтөр начарлап кетпесе эле, анда 1-февралдан тартып бала бакчаларды ишке киргизебиз”, — деди Чыныбаева.