Бишкектин аймагында 36 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды

Бишкек шаарынын аймагында 36 көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн убактылуу жабылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу тиешелүү техникалар тартылып, жолдор кеңейтилип, жаңы асфальттар төшөлүп жатат. Ошол себептүү айдоочулардан баруучу жайларга алдын-ала пландоо менен альтернативдик жолдо жүрүүнү эскертет. «Тагыраагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып, Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабык. Ошондуктан жогоруда аталган көчөлөргө жакын жерлерде узун жол тыгыны пайда болууда. Милициянын кайгуул кызматкерлери жол тыгыны пайда болгон көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жаңсап, жол тыгындарынын алдын алууда», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.