Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев муниципалдык мекемелерде Жаңы жыл алдында кызматкерлерден акча чогултууга тыюу салды. Ал жетекчилерге эч кандай белек топтоо, пакет же себет ташуу сыяктуу иш-аракеттерге жол берилбесин катуу эскертти. Жунушалиев кызматкерлерге да эскертип “эгерде жетекчилериңер бирөөгө белекке деп коллективден акча чогултса, айткыла” деди шаар мэри.
Жаңы жылдык корпоративдик иш чаралар да өткөрүлбөй турганын кошумчалаган калаа башчысы “акчасы ашык ташып жатса, социалдык мекемелерге өткөрүшсүн” деди.
Кыргызстанда беш документтин жаңы форматы чыкты
Кыргызстанда төрөлгөндүгү жөнүндө, никеге тургандыгы жөнүндө, никенин бузулгандыгы жөнүндө, фамилиясын, ысымын, атасынын атын өзгөрткөнү жөнүндө, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөр А4 форматтагы...












