Бишкектин мэри кызматтан кетеби? Расмий жооп

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун кызматтан кете турганын жазып жатышат. Мэриянын басма сөз кызматынан шаар башчысы штаттык режимде иштеп жатканын билдиришти.

«Социалдык тармактарда мэрдин кетиши тууралуу айтылып жаткан маалыматтар ушак», — дешти мэриядан.