Бишкек шаарынын прокурору кызматтан бошотулду

Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаев ээлеген кызматынан бошотулганы белгилүү болду. Башкы прокуратура бүгүн, 6-августта билдирген маалымат боюнча, мындай чечимге ишкерлик субъектилеринин ишине мыйзамсыз киришүү жана мыйзамсыз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартуу фактылары себеп болгон.

Кыдыкбаев Марсбек Бекбосунович Бишкек шаарынын прокурору болуп, 2021-жылдын февралында дайындалган.