Бишкек шаарынын прокурорунун орун басарлары алмашканы айтылууда

Бишкек шаарынын прокурору Марсбек Кыдыкбаевдин жаңы орун басарлары болуп Болот Келдибаев менен Авазбек Каримов дайындалды. Бул ууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары өздүк булактарына таянып жазып чыгышты.

Бирок учурда мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты тактап бере элек.

Белгилей кетсек жаңы дайындалды деген орун басар Авазбек Каримов буга чейин Баткен облусунун прокурорунун орун басары болуп иштеген. Ал эми Болот Келдибаев Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринде эмгектенген.