Бишкектин тургуну: «Мобилдик топтон «үйдөн өз алдынча дарыланыңыз» деп жооп беришти»

Бишкек шаарынын ооруп жаткан тургуну 118 медициналык мобилдик топтон жардам сурап кайрылганда “үйдө дарыланыңыз” деген жооп уккан. Бул тууралуу «24.кг» сайты жазды. Тургундун айтымында, 23-июнь күнү дене табы көтөрүлүп, алсырап жана тамагы ооруп жөтөлгөн. Бул коронавирустун белгилери болуп эсептелет. Ал 118 медициналык мобилдик топтон жардам сурап кайрылганда, эч кандай медициналык жардам үйүнө келип же телефон аркылуу кеңеш беришкен эмес. Бүгүн, 25-июнда мобилдик топко кайра кайрылганда “үйдө өз алдынча дарыланыңыз” деген жоопту айтышкан.

“Эгерде мен коронавирус жуктуруп же пневмония болуп калган болсом, кантип дарыланышым керек? Аскорбин кислотасы же малина кошулган чай ичиппи? Мен доктур эмесмин да, кандай дарылар керек экендигин кайдан билем? Мен жашы өтүп калган апам менен жашайм. Эмне болгон кайдыгерчилик?”, — деп билдирди Бишкек шаарынын тургуну.