Бишкек ШИИБдин башчысы мектепте сабалып, кийин ооруканада каза болгон Аннастын ата-энеси менен жолугушту  

Бүгүн, 13-февралда борбордук милициянын башчысы Азамат Токтоналиев 4-февраль күнү медициналык мекемеде көз жумган Аннастын ата-энеси менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилиги баланын ата-энеси тарабынан айтылган бардык арыз-даттанууларын угуп, окуянын бардык жагдайларын тактоо үчүн тергөө иш-чаралары толугу жүрүшү катуу көзөмөлгө алынып, мыйзам бузуулар аныкталса, катуу чаралар көрүлөрүн белгиледи», — деп жазылат билдирүүдө.

Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматында каралат.