Мектепте сабалып, кийин ооруканада каза болгон окуучунун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуучунун ата-энеси 10-февралда Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Арызында, 2025-жылдын 21-январь күнү, 2010-жылы туулган А.А. аттуу уулуна 72-орто мектебинин дааратканасында Т.И., С. Б., К. Б., аттуу окуучулар денесине жаракат келтиришкенин жазган. Анын кесепетинен уулу А.А., эс-учун жоготуп Улуттук кардиология борборуна жаткырылган. Уулу 4-февралда ооруканада каза болгондугун билдирген.
Аталган факт Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан 7-февралда аныкталып, каттоодон өткөн. Иш тергөөгө чейинки текшерүү материалына тиркелген. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин ден соолукка оор залал келтирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө иштери улантылууда.
Учурда, органдар тарабынан тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Иштин жагдайларын териштирүү үчүн бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жыйынтыгы менен укуктук баа берилет.
«Белгилей кетсек, 2010-жылы туулган А.А.нын ата-энеси тарабынан айтылган арыз дооматтар дыкаттык менен каралып, ар тараптуу териштирүү жүргүзүлөт. Тергөө иштеринин алкагында окуянын мүмкүн болгон бардык себептери аныкталып, билим берүү мекемелериндеги коопсуздук жана алдын алуу чараларына тиешелүү маселелер каралат. Мындан тышкары, көрсөтүлгөн билим берүү мекемесине бекитилген кызматкерине карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.