Бишкекке келген Орусиянын жарандары ишембилик өткөрүүнү каалап жатышат.
«Биз сиздерди ишембиликке чогулууну суранабыз. Ошону менен Бишкекке жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат чатта.
Өткөн дем алыш күндөрү да Кыргызстанга келгендер Жеңиш паркын тазалашкан. Каалоочулар эки жерден — Аламүдүн-1де жана Түштүк Чоң Чүй каналынын жанында чогула алышат.