Бишкекке кезектеги жаңы 58 автобус келди

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын автопаркы заманбап жана ыңгайлуу автобустар менен толукталууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдиришти.

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кытайдын «Golden Dragon» заводунан кезектеги 58 жаңы автобус келди. Автобус 85 адамды ташууга ылайыкталган, анда 29 орундук жайгаштырылып, 2 орун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн каралган. Жаңы ыңгайлуу автобустар аз мобилдүү жарандар үчүн да, калган бардык жүргүнчүлөр үчүн да ыңгайлуу жүрүүнү камсыздайт. Автобустардын салондорунда видеобайкоо системасы орнотулган, бул сапар учурунда коопсуздук деңгээлин жогорулатат. Мындан тышкары, жаңы автобустар контактсыз акы төлөө үчүн валидаторлор менен жабдылган, бул төлөм процессин жеңилдетет жана жүргүнчүлөрдүн убактысын үнөмдөйт.