Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бишкекке кыска мөөнөттүү иш сапары менен келген Пакистандын вице-премьери, тышкы иштер министри Мухаммад Исхак Дар менен жолугушту.
Алар Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жаранга чогуу барышкан. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар түзүлгөн түз жана туруктуу өкмөттөр аралык байланыштын аркасында акыркы окуялар салттуу достук кыргыз-пакистан мамилелерине доо кетире албастыгына канааттангандыгын билдиришти. Маектешкендер пикир алмашып, маданий-гуманитардык жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө кызматташтыкты бекемдөө боюнча бир катар биргелешкен кадамдарды белгилешти. Тараптар ошондой эле эмгек миграциясы маселелерин мамлекеттер аралык жөнгө салуу зарылчылыгы боюнча өз ара түшүнүштү.
Ысык-Көлдө сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү милиция кызматкери куткарып калды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 21-июнда Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкери,...
25-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +30…+35, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19,...
Депутат Бактыяр Калпаевдин айтымында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Молдо Нияз айыл өкмөтүнө караштуу Умай Эне айылында балдар ашар жолу менен...
Эл аралык маанидеги Талас-Тараз-Суусамыр унаа жолунун 133-чакырымында орун алган (Үрмарал дарыясы) жаңы көпүрөнүн курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Анын ачылыш иш-чарасына...