Бишкекте № 9 автобус каттамы кайрадан иштей баштайт

Бишкек шаарында 28-январдан тарта №9 автобус каттамы кайрадан ишке кирет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим шаардын маршруттук тармагын оптималдаштыруунун натыйжасында жана көптөгөн тургундардын бир нече жолку кайрылуусунун негизинде №9 автобус каттамынын эски кыймыл чиймесин кайрадан калыбына келтирүү чечими кабыл алынган. Каттам 12-кичи районунан Восст конушуна чейин жүрөт. Автобустардын кыймыл интервалы 10 мүнөттү түзөт. Каттамда 25 автобус кызмат көрсөтөт.