16-ноябрдан тарта Бишкектеги №107 маршрутту «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мындай чечим шаардын транспорт тармагын оптималдаштыруунун жана тургундардын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынып, эми №107 кичи автобустун ордуна «БЖАИ» муниципалдык ишканасы тейлеген ушул эле номердеги автобустар жүрө баштайт.
Маршрут Арча-Бешик конушунан Ак-Босого конушуна чейин созулат, ошону менен шаардын түштүк жана түндүк тарабын да камтыйт. Бул линияга 14 автобус чыгат.