Бишкек шаарында бүгүн, 13-ноябрдан тарта мурдагы №8 троллейбустун ордуна ушул эле номурдагы автобус жүрө баштайт.
Ошондой эле айрым автобус каттамдарынын кыймыл чиймеси өзгөртүлдү. Маселен, №146, №104 муниципалдык автобус каттамдарынын акыркы аялдамасы Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегиндеги “Бишкек автобекети” муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин узартылды. Ал эми №40 муниципалдык автобус каттамы Чүй проспектиси менен Жусуп Абдрахманов көчөсүнө чейин келип, Жибек-Жолуна түшүп, андан ары буга чейинки кыймыл чиймеси менен каттайт.
Өзгөртүлгөн кыймыл чиймелер төмөндө: