Бишкек шаарында 22-апрелден тарта жаңы №80 муниципалдык автобус каттай баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маршрут 12-кичи райондон Ак-Кула ипподромуна чейин каттап, борбор калаанын 40тан ашык аялдамасын камтыйт.
Жаңы каттам Фрунзе, Токомбаев, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Сүйүмбаев жана Сүйөркулов көчөлөрү менен жүрөт.
Белгилей кетсек, каттамда «Zhongtong» жана «Golden Dragon» автобустары иштейт жана интервал 10-15 мүнөттү түзөт.