Бишкекте 14 жаштагы кыз 4-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Наили Жашбаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин РИИБге 5-сентябрда жаран кайрылып, 2010-жылы туулган кызы 4-сентябрда Ленин райондук акимчилигинен чыгып, мектепти көздөй кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кимде-ким сүрөттөгү кызды көргөн болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97,0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 номурларына чалсаңар болот.