Бишкекте 17 жаштагы Жанетта Бекова дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 17 жаштагы Жанетта Бекова дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.

22-октябрь күнү Биринчи май РИИБге жаран кайрылып, 2007-жылы туулган карындашы Жанетта Бекованы издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган. Ал ошол эле күнү түнкү саат 2:00 чамасында Фучик көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча азыркы күнгө чейин жүргөн жери белгисиз болууда.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көрсө, 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0(553) 10-21-23 номурларына чалсаңар болот.