Бишкекте 17-майдан тарта ысык суу өчүрүлөт

Бишкек шаарында ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, ысык суу 17-майдан 17-июнга чейин өчүрүлөт.

Мындай чектөө жыл сайын жүргүзүлүп туруучу оңдоо иштерине байланыштуу. Адатта жыл сайын 1 ай бою ысык суу берилбейт.