Бишкекте 20 жаштагы Ангелина 24-апрелден бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте Ангелина Поповская изделип жатат. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрелде милицияга анын апасы кайрылып, 2003-жылы туулган кызы 24-апрелде саат 18:20 чамасында үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Учурда анын жүргөн жери дайынсыз болууда.

Сүрөттөгү кызды көргөн же билген болсо, 0 (702) 49-88-88, 0 (557) 11-94-10, 0 (709) 33-24-63, 0 (701) 28-28-19, 0 (704) 103-102 номурларына чалсаңар болот.