Бишкекте 46 жаштагы аял каза болду. Жакындары анын «Sputnik V» вакцинасын алганын айтышууда

46 жаштагы Назгүл Исакова коронавируска каршы «Sputnik V» вакцинасын алгандан кийин каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга маркумдун жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, Исакова 19-июлда Sputnik V вакцинасын алган, андан кийин температура жогорулаган. «Ал эки күн төшөктө жатты, кан басымы 30га түшүп кетти. Тез жардам кызматы аркылуу Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө жаткырылып, ошол жерде көз жумду. Азыр сөөктү кароо иштери жүрүп жатат», — дешти туугандары.

Бишкек шаардык илимий изилдөө борборунун башкы дарыгеринин орун басары редакцияга Бакыт Исаков Назгүл Исакова борборго аллергиялык реакция менен түшкөнүн билдирди. Ал эми Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов Исакова чындыгында коронавируска каршы Sputnik V вакцинасын алгандыгын тастыктаган. «Бирок, ал эмдөөдөн каза болду деп азырынча айта албайбыз. Азыр комиссия иштеп жатат, сөөктү кароо жүрүп жатат. Бардык маалыматтар текшерилет. Өлүмдүн себеби азырынча тактала элек», — деди ал.

Назгүл Исакова Кара-Көл шаарынан келген. Ал вакцинаны Бишкектен алган.