Бишкекте 2018-жылы туулган Абдукахаров Алихан Аргуналиевич дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 14-январда болжол менен саат 15:00дө Мурас-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес.
Бала ДЦП менен жабыркайт жана сүйлөй албайт. Сүрөттөгү баланы көргөндөр болсо, 0(312) 56-60-43, 0(312) 56-32-48, 0 (502) 211 -003 номурларына кайрылсаңар болот.