Бишкекте 64 жаштагы жаран Ала-Арча суусуна түшүп кеткен

Бишкекте сууга түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

16-декабрь күнү саат 21:38 чамасында Чүй проспектиси менен Чкалов көчөсүнүн кесилишиндеги Ала-Арча суусуна 1957-жылы туулган эркек киши кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучу тартылып, аталган жаранды суудан алып чыгышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришти.