Бишкекте 8-кабаттан боюн таштаган жигит. ӨКМ ички иликтөө жүргүзөт

Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан үйдөн боюн таштаган жигиттин окуясына байланыштуу ӨКМ маалымат таратты.

«Саат 12:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруу кызматына өзүнүн жанын кыюуга аракет көрүп жаткан жаран тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ӨКМдин 10 адамдан турган куткаруучулары, анын ичинде эки психолог жана бир Тез жардам бригадасы дароо жерине чыгып кетишкен. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин психологдору жигит менен тынымсыз сүйлөшүү жүргүзүп, сактап калууга аракет кылышкан. Жигит куткаруучуларга жана психологдорго өз жанын кыюу үчүн чечим кабыл алганын билдирген. 4 сааттык сүйлөшүүдөн кийин жанын кыюуга аракет жасаган жаранды ӨКМдин психологдору көндүрүп, ал аларды көздөй бет алган. Бирок күтүүсүздөн бурулуп, секирип кеткен. Бул окуя боюнча ички иликтөө жүргүзүлөт», — деп айтылат маалыматта.