Бишкекте 85 жаштагы аялдын жансыз денеси өз үйүндө табылды

Куткаруучулар Ленин районундагы Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан №51 үйүнүн батиринин бекилип калган эшигин ачышкан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, батирдин ичинен 1936-жылы туулган аял кишинин жансыз денеси табылган. Маркумдун жансыз денесин ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.