Бишкекте Hyundai Palisade унаасынын айдоочусу төрт жөө адамды сүзүп, алардын бири каза болду.
Жол кырсыгы бүгүн болжол менен саат 14:30да Гагарин көчөсүндө болгон. Бишкек ШИИББдин маалыматы боюнча, 44 жаштагы айдоочу мас абалында болгон. Ал «зебра» менен өтүп бара жаткан жөө адамдарды сүзүп, үстүнөн тебелеп, токтобой качып кеткен.
Жабыркагандардын арасында төрт жашар кыз бар, ал эми 71 жаштагы аял окуя болгон жерде каза болгон. Жол кырсыгына шектүү кармалды.