Бишкекте айдоочу самокат тээп бараткан 16 жаштагы кызды сүзүп кетти

Бүгүн, 15-апрелде саат 11:20 чамасында 1999-жылы туулган айдоочу жөө өтмөктөн 2006-жылы туулган кызды сүзүп кеткен. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Нексия үлгүсүндөгү унаа Токомбаев көчөсү менен күн батышты көздөй бара жатып жөө өтмөктөн электрондук самакат тээп өтүп бара жаткан 2006-жылы туулган кызды сүзүп алган. Жол кырсыгынын кесепетинен кыз 3-ооруканга жеткирилген.

Ал эми айдоочунун унаасы азыркы учурда убактылуу айып короо жайына токтотулуп, кайгуул кызматкерлери тарабынан жол кырсыгын каттоо иштери уланууда.