Бишкекте акыркы 5 айда менингит менен ооруган 15 адам катталып, бирөөсү көз жумган

2022-жылдын 5 айында Бишкек шаарында менингококк инфекциясынын 15 учуру катталган. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти. 

Маалыматка караганда, 6 бейтап инфекциялык ооруканага өтө оор абалда жаткырылган, алардын бири 41 жаштагы бейтап көз жумган. 

Менингококк инфекциясы өзгөчө 1 жашка чейинки жана 5 жашка чейинки балдар арасында өтө оор жугуштуу оорулардын бири. Оорулуулардын абалынын оор болушунун себептеринин бири медициналык жардамга кеч кайрылуу жана үй шартында өз алдынча дарылануу болуп саналат.