Бишкекте апа дайынсыз болуп жаткан кызы Үмүтай Кашенованы издеп жатат

Бишкектин Ленин РИИБи тарабынан дайынсыз болуп жаткан Кашенова Үмүтай Какибаевна изделип жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-октябрда милицияга 1990-жылы туулган Үмүтай Кашенованын апасы кайрылып, кызы 7-октябрда саат 15:00 чамасында Ак-Ордо конушундагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Милиция сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (553) 102-465, 0 (703) 501-600, 0 (553) 102-880, 0 (502) 250-815 номурларына кабарлап коюуну суранат.