Бишкекте апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм. Акыйкатчы аны бошотууну суранат

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова социалдык тармактагы баракчасында апасын коргойм деп, мас кишиге бычак сайган өспүрүм боюнча үн катты.

Анын айтымында, энесин коргогон жашы жете электердин баш коргоо чарасын аныктоодо сот БУУнун минималдуу стандарттарын эске алган эмес жана баланын укуктарын бузган.

«Омбудсмен институту милиция, прокуратура жана соттор БУУнун минималдык стандарттарына жана Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, жашы жете электерди убактылуу кармоочу жайга камоо өтө оор учурларда гана колдонуларын эске албаганын белгилейт. Камакка алуу, башка альтернативдүү чаралар менен алмаштырылат. Жашы жете элек өспүрүмдүн баш коргоо чарасын тез арада өзгөртүү керек», — деп жазат Атыр Абдрахматова.